Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жыл башынан бери Транспорт министрлигине канча сом бөлүнгөнү айтылды

2023-жылга 249,6 км жолду асфальттоо каралган

Транспорт министрлигинин 2023-жылга бекитилген бюджети 16 млрд 749,8 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, анын ичинен 10 айдын ичинде 12,1 млрд сом каржыланды. Алар:
- жолдорду оңдоого жана тейлөөгө 2 087,3 млн сом;
- битум сатып алууга 395,7 млн сом;
- 346,9 млн сом кредитордук карызды жабууга;
- жабдууларды сатып алуу 1 119,4 млн сом;
- Жол фондуна 1 758,3 млн сом;
- Мамлекеттик инвестициялык программа (МИП) боюнча 5 266,4 млн сом
- Капиталдык салымдар 1 445,8 млн сом.

Бүгүнкү күндө калдык 3,6 млрд сомду түзөт.

Каралган каражаттардын алкагында 2023-жылга карата жол тармагынын негизги иш-чаралары:
- 1332,0 млн сом суммасында жол куруу техникасын сатып алууга;
- 30 миң тонна өлчөмүндө битум сатып алуу;
- учурдагы бюджет боюнча 249,6 км жолду асфальттоо;
- "капиталдык салымдар" беренеси боюнча каржыланган объектилер үчүн 188,8 км жолду асфальттоо.
- Коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу максатында КР министрлер кабинети тарабынан Жол фонду түзүлүп, анын негизинде

2022-жылдын май айынан баштап иш-чараларды каржылоо Жол фонду тарабынан жүзгүзүлө баштады, - деп айтылат маалыматта.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх