Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Төкмө акын Асылбек Маратов республикалык айтышта жеңүүчү деп табылды

Бишкекте төкмө акындардын республикалык айтышы өттү

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз ССРнин эл артисти, төкмө акын Калык Акиевдин 140 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, айтыш 14 акындын арасында жүрүп, баш байгени Асылбек Маратов илип кетти. Ага 150 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.

undefined
 1-орунду төкмө акын Акматбек Султан уулу - 120 миң сом;

2-орунду Мамбеттокто Мамбеторозо - 100 миң сом;

 3-орунду Баян Акматов алды - 80 миң сом.

Ошондой эле айтышка катышкан калган 10 акын 45 миң сомдон кызыктыруучу сыйлык катары акчалай байге менен сыйланды.

undefined

Акчалай сыйлыктан сырткары акындарга президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Жумгал райондук администрациясынын атайын сыйлык жана ардак громаталары тапшырылды.

Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова катышты.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх