Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Мен сага ишенем”. Гүлзада Рыскулованын зордук-зомбулуктан жабыркаган аялзатына дем берген ыры жарык көрдү

Ыр жана клип - Гүлзада Рыскулова, USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоору жана Кыргызстандагы кризистик борборлор тармагынын кызматташтыгынын натыйжасы

Белгилүү ырчы Гүлзада Рыскулова “Мен сага ишенем” аттуу зордук-зомбулуктан жапа чеккендерди эрктүүлүккө үндөп, шыктандыруу ниетинде жазылган жаңы ырын чыгарды.

Маалыматка ылайык, аталган ыр жана клип – Гүлзада Рыскулова, USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоору жана Кыргызстандагы кризистик борборлор тармагынын кызматташтыгынын натыйжасы.

- Гүлзада айым өз ырын Кыргызстандын үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган бардык аялдарына арнайт, - деп белгилешти USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоорунан.

Ырдын авторлору – Гүлзада Рыскулова, Уринса Кадыралиева, ага тартылган клиптин режиссёрлору – Регина Суранова, Айзада Амангелдиева.

“Мен сага ишенем” ыры 2023-жылдын октябрь айынан тарта радиостанциялардын обосунан жаңырып, клиби телеканалдардан көрсөтүлө баштады. Мындан тышкары, клип Гүлзада Рыскулованын Ютюбдагы жеке, ошондой эле Этномедиа, СуперТВ, Соло Медианын Ютюб-каналдарына чыгарылган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх