Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Талас облусундагы Аманбаев айыл өкмөтүнүн жаңы имаратынын сүрөттөрүн көрдүңүздөрбү?

Имараттын курулушуна Өмүрбек Бабанов демөөрчүлүк кылган

Талас облусунун Айтматов районунда Аманбаев айыл өкмөтүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.

Салтанатка Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, депутаттар жана тиешелүү жетекчилер катышты.

Маалыматка ылайык, жалпы аянты 780 чарчы метрди түзгөн жаңы имараттын курулушу ушул жылдын 1-июнунда башталып, демөөрчүлөр тарабынан 1 миллион доллардан ашык каражат сарпталган.

Бардык зарыл шарттарды эске алуу менен курулган заманбап имаратта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, калкты тейлөө борбору жана музей жайгашат.

Шакиев мамлекеттин өнүгүшүнө ар бир жарандын салымынын маанилүүлүгүн белгиледи. «Өмүрбек Бабановдун өлкөнүн жаңылануусуна жана борбордон алыс жайгашкан Аманбаев айылында заманбап имараттын курулушуна кошкон салымы көпчүлүккө үлгү. Мындай демилгелер мындан ары да уланып, ийгиликтүү ишкерлерибиз, таланттуу уул-кыздарыбыз өз айылдарын өнүктүрүүгө салым кошот деп ишенем. Биргелешкен күч-аракет менен биз күчтүү жана өнүккөн Кыргызстанды кура алабыз», - деп белгиледи спикер.

Мындан тышкары, спикер жаңы имаратта иштей турган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жардам катары Жогорку Кеңештин атынан 300 миң сомдук сертификат тапшырды.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх