Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмгек министрлиги: Кыргызстандын 44 жараны мыйзамдуу ишке орношуу үчүн Кореяга кетти

Аларды министр Гүлнара Баатырова өзү узатты

Кыргызстандын 44 жараны кечээ, 28-ноябрда мыйзамдуу ишке орношуу үчүн Түштүк Кореяга кетти. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, кыргызстандыктарды узатканы министр Гүлнара Баатырова барган.

Мекемеден эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна ылайык 44 адамды мыйзамдуу ишке орноштуруу уюштурулганын белгилешти.

Гүлнара Баатырова мыйзамдуу ишке орноштуруу президент Садыр Жапаровдун "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө" жарлыгынын алкагында ишке ашырылып жатканын кошумчалады.

"Бүгүнкү күндө биз Улуу Британия, Италия, Перс булуңундагы өлкөлөр менен келишим түздү, алар биздин өлкөдөн келген эмгек мигранттары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр", - деди министр.
15 жыл аралыгында эмгек министрлиги Кореянын ишканаларында 5 миңден ашык кыргызстандыкты иш менен камсыз кылганы маалым. Учурда 2 миңге жакын КР жараы Кореяда EPS программасы боюнча иштеп жатышат. Анын басымдуу бөлүгү тамак-аш, кагаз өнөр жай ишканаларында эмгектенет.

Жатакана жана тамактануу (толук же жарым-жартылай) иш берүүчү тарабынан төлөнөрүн эске алганда орточо эмгек акы 2000 долларды түзөт.

Программанын негизги талабы – корей тилин тийиштүү деңгээлде билүү, 2023-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча корей тилин билүү боюнча тестирлөөгө 3 470ден ашуун жаран катышып, 882 адам ийгиликтүү өттү.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх