Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

2024-жылы Пекинден Бишкекке түз аба каттамы ачылат

Аны China Southern Airlines авиалиниясы аткарары айтылды

Кытай менен Кыргызстандын ортосунда жаңы түз аба каттамын ачылат. Бул тууралуу Кытайдын Бишкектеги элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен КР президенти Садыр Жапаровдун ортосунда жетишилген маанилүү макулдашууларды ишке ашыруу максатында Кытай менен Кыргызстандын тиешелүү органдары консультацияларды өткөрүп, эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамын ачуу боюнча бир пикирге келишкен.

Пекин - Бишкек - Пекин маршруту боюнча жаңы аба каттамы 2024-жылдын биринчи кварталында ачылып, аны China Southern Airlines авиалиниясы аткарары маалым.

Ошондой эле, 2023-жылдын декабрында Чэнду - Бишкек – Чэнду каттамы ачылып, аны Changlong Airlines авиалиниясы ишке ашырат.
"Кытай тарап кыргыз тарап менен бирдикте эки өлкөнүн ортосундагы байланыштардын деңгээлин тынымсыз жакшыртууга жана ар түрдүү тармактарда кызматташуунун жаңы өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө даяр", - деп айтылат Кытай элчилигинин маалыматында.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх