Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нурсултан Назарбаев экинчи үй-бүлөсү бар экенин моюндады

Ал Талдыкоргонго барган иш сапарында учактан тосуп алган кыздардын бирине ашык болуп калган

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев экинчи үй-бүлөсү бар экенин моюндады. Бул тууралуу ал «Менин жашоом. Көз карандысыздыктан эркиндикке» аттуу автобиографиялык китебинде баяндаган.Назарбаевдин экинчи үй-бүлөсү жөнүндө мемуарлардан үзүндүнү Orda.kz басылмасы чыгарды.

Назарбаев экинчи болочок жубайы Асел Исабаева менен Талдыкорганга болгон иш сапарында таанышканын айткан. Ал жерден аны гүл көтөргөн кыздар тосуп алышып, алардын бири Исабаева болгон. Назарбаев аны оюнан чыгара албай, көп узабай "Мисс Казахстан" сулуулар сынагынын катышуучусу катары көргөн. Экөө таанышып, ортолорунда сүйүү башталган.

«Мусулмандардын салты менен баш коштук. Асел мага балканактай эки уул төрөп берди. 2005-жылы Тауман, 2008-жылы Байкен төрөлгөн. Жаш кезимден менин таянычым болуп, оор сыноолордо жанымда болгон Дарига, Динара, Алиянын үч кызымдын апасы Сарага, мен ар дайым ыраазымын, камкордук көрсөтүп келем. Оңой эмес турмушта мени ошол кезде түшүнүп, кечиргени да мага жеңилдик болду. Мына, достор. Мен сиздердин алдыңыздарга болгон чындыкты төктүм. Буга кандай карайсызда, өзүңүзгө байланыштуу. Бул жашоо. Бир гана талашсыз чындык бар. Чындык – жүрөгүңө буйрук бере албайт экенсиң», — деп жазат Назарбаев.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх