Жаңы жылдык эс алуу күндөрү. Эмгек министрлиги 1нен 7-январга чейин эс алууну сунуштоодо
Мекеме тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду
Кыргызстанда 2024-жылдын 1нен 7-январына чейин эс алуу күндөрү болушу мүмкүн. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.
Бул документ 5 күндүк иш графиги менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык органдарга тиешелүү.
Ошондой эле кошумча дем алыш күндөрүн киргизүү сунушталууда:
- 2024-жылдын 21нен 24-мартына чейин;
- 2024-жылдын 1нен 5-майына чейин.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз