Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таиланддык паралимпиадачы өз үйлөнүү тоюнда колуктусу менен кошо 3 адамды атып салган

Спортчу андан кийин өзүн өзу атып салган

Таиланддык сууда сүзүүчү жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын Паралимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Чатуронг Суксук үйлөнүү тоюнда колуктусу менен кошо 3 адамды атып өлтүргөнүн чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 29 жаштагы спортчу үйлөнүү үлпөтүнөн чыгып кетип, кайра тапанча менен кайтып келип, 44 жаштагы колуктусун, ошондой эле анын 62 жаштагы апасын жана 38 жаштагы эжесин атып салган. Ок эки конокко тийип, алардын бири каза болуп калган. Андан соң Суксук өз жанын кыйып салган.

Чатуронг катуу мас абалында болгону жазылууда, бирок аны кылмышка түрткөн себептер али белгисиз.ю
Суксук аскер кызматкери болгондуктан, мыйзамдуу түрдө курал-жарактарга ээ болгон. Ал Таиланддын чек арасында аскерлештирилген жеңил жөө аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүрүп, оң бутунан ажырап калган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх