Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарында “Көпөлөк” аттуу профилактикалык түшүндүрүү иш-чарасы өтүүдө

Биринчи эле күнү милиция 60тан ашык кызды аныктаган

2023-жылдын 30-ноябрынан тарта Бишкек шаарында “Көпөлөк” аттуу профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, биринчи күнү борбор калаанын милиция кызматкерлери болжолдуу түрдө интимдик кызмат көрсөткөн кыздар иштей турган жерлерди текшеришти. Эреже катары, бул сауналар, мейманканалар, ижарага алынган батирлер. Аткарылган иштердин жүрүшүндө милиция 60тан ашык кызды аныктап, алардын арасында 4 жашы жете элек кыздар болуп чыкты.

Аталган фактылар райондук ички иштер башкармалыгына жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү тергөө амалдарынын жүрүшүндө ар кандай мессенджерлерде мурда түзүлгөн топтор жана жамааттар аныкталган, алардын катышуучулары социалдык жоопкерчилиги төмөн кыздар болгон.

- Милиция кызматкерлери тарабынан интимдик кызмат көрсөтүүгө тиешеси бар адамдарды жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар жарандарды аныктоо иштери улантылып, алар мыйзам чегинде жоопко тартылат, - деп белгилешти Бишкек ШИИББнан.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх