Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык боксчу Амантур Жумаев юниорлор арасында дүйнө чемпиондугун жеңип алды

Ал буга чейин , Азия чемпиону аталган

Кыргызстандын бокс боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөсү Амантур Жумаев юниорлор арасында бокс боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу КРнын Бокс боюнча федерациясы билдирет.

Маалыматка ылайык, дүйнө биринчилиги ушул күндөрү Армениянын Ереван шаарында өтүүдө.
Спортчу 52 кг чейинки салмакта катышып, финалдык беттеште армениялык атаандашын утуп алган.

Бокс боюнча юниорлор арасындагы биринчилик 24-ноябрда башталган, 4-декабрда аяктайт.

Эскерте кетсек, буга чейин Амантур Жумаев буга чейин Казакстанда өткөн биринчиликте Азия чемпиону аталган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх