Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте аялдардын баркталбаган үй оокатына көңүл буруу максатында атайын долбоор өтөт

“Бааланбаган эмгек” долбоору “0 сом” купюрасын тартуулайт

“Бааланбаган эмгек” аталышындагы социалдык долбоордун авторлору ушул эле аталыштагы көрсөтмөгө чакырышат, мында көпчүлүктүн назарына “0 сомдук” өзгөчө купюра тартууланмакчы. Иш-чара 5-декабрь күнү, саат 15:00дө “Азия Молл” соода борборунун үчүнчү кабатында өткөрүлөт. Уюштуруучулар коомчулуктун активдүү катышуусуна үмүт этишип, көрсөтүлгөн экспозиция кыргызстандыктарды аялзаттын үй оокатына кошкон зор салымы туурасында ойлондурат деп ишенишет.

“Бааланбаган эмгек” долбоору “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосунда 2023-жылдын август айында баш алган. Аталган демилгенин башкы максаты – бул орчундуу, бирок көп ирет баркталбай келген көйгөй туурасында кабарлоо аркылуу аялдардын үй эмгегине болгон сый-урматты жогорулатуу.

Көрсөтмөнүн коноктору презентация маалында күбө боло турган купюра мыйзамдуу алмашуу каражаты болбогону менен, көпчүлүктүн көңүлүн аялдардын баркталбаган үй эмгеги сыяктуу көйгөйүнө бурмачы. Жасалгасы менен бул купюра жакында гана жүгүртүүгө чыккан жаңы үлгүдөгү улуттук валютага окшош келгени көрүнүктүү.

Бирок, купюра – долбоор экспозициясынын чакандай гана бөлүгү. Иш-чаранын алкагында өз тиричилик тажрыйбасы жана үй эмгегине болгон көз караштары менен бөлүшкөн айымдардын чыныгы турмуштан алынган окуялары тартууланмакчы. Алар өз кубанычтары жана кыйынчылыктары менен бөлүшүп, көрүүчүлөрдүн көңүлүн бул көзгө көрүнбөгөн, бирок коомдун ажырагыс курам бөлүгүнүн маанилүүлүгүнө бурушат.

Долбоордун авторлошу Мария Казакова белгилегендей: “Бааланбаган эмгек” долбоорун жапырт колдоп, биз анын аялзаттын үй эмгегине болгон мамилени өзгөртүү сыяктуу маанилүү максатына салым кошмокчубуз. Бул маселени кызуу талкууга алууга кошулуңуздар, адилеттүү жана сый-урматка негизделген коомдуу курууда ар бириңиздин кошкон салымыңыз маанилүү келмекчи”.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх