Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дордой базарынын айланасындагы мыйзамсыз унаа токтотуучу жайлар жоюлду

Акырындык менен борбордук көчөлөрдө бардык башаламан унаа токтотуучу жайлар жоюлат

Бишкек шаарында башаламан токтотулган унааларды эвакуациялоо боюнча рейд уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, рейдге жол көзөмөлдөө боюнча инспекторлор жана жарандык активисттер катышууда. Күнүгө 8 эвакуатор чыгып, учурда 50дөн ашык унаа убактылуу кармоочу жайда турат.

Рейддин алкагында Дордой базарынын айланасындагы мыйзамсыз унаа токтотуучу жайлар жоюлду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул багыттагы иштер үзгүлтүксүз улантылып, акырындык менен борбордук көчөлөрдө бардык башаламан унаа токтотуучу жайлар жоюлат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх