Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык Кубанычбек Абдисалам уулу Brave CF чемпиону наамын коргоп калды

Ал титулун коргогон биринчи жеңил салмактагы мушкер аталды

Кыргызстандык Кубанычбек Абдисалам уулу Brave CF чемпиону титулун коргоду.
5-декабрда Бахрейнде өткөн Brave CF 77 турниринде бразилиялык Лукас Мартинс менен беттешип, аны биринчи раундда техникалык нокаут менен жеңген.
Абдысалам уулу чемпиондук наамын коргогон биринчи жеңил салмактагы мушкер болуп калды.
Brave CF – Бахрейнде жайгашкан аралаш мушташ өнөрү боюнча уюм. Анда 80ден ашуун өлкөнүн согушкерлери катышууда. Абдисалам уулу жеңил салмакта (70,3 кг чейин) чемпион.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх