Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Садыр Жапаровдун катышуусунда кезектеги "Мурас" футболдук турнири өтөт

Мелдешке 16 команда катышып, алар төрт тайпага бөлүнөт

Борбор калаада 8-9-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен салтка айланып калган кезектеги "Мурас" футболдук турнири өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке 16 команда катышып, алар төрт тайпага бөлүнөт.
Оюндар “Газпром - балдарга” ден соолук чыңдоо комплексинде (А жана В тайпалары) жана Кожомкул атындагы Спорт сарайында (C жана D тайпалары) өтүп, УТРКнын жана ЭлТРдин түз эфиринен көрсөтүлөт.

Иш-чара Кыргыз футбол союзу жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх