Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор калаада балаты базары иштей баштады

Базар эртең мененки саат 9:00дөн 19:00гө чейин иштейт

Бишкектин Октябрь районунда балаты базары иштей баштады. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган базар шаардын Медеров жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
Базардан Тянь-Шань карагайын, көк карагай, арча жана башка түрлөрүн арзан баада алууга болот. Базар эртең мененки саат 9:00дөн 19:00гө чейин иштейт.

"Бардык ийне жалбырактуу дарактар жабык тамыр системасы менен, башкача айтканда, топурагы менен сатылат. Сатып алуучулар бак-дарактарды ачык жерге көчүрө алышат. Көчөттү кантип туура отургузуу керектигин сатуу боюнча кеңешчилер айтып беришет", - деп айтылат маалыматта.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх