Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сириядан Кыргызстанга дагы 31 аял жана 65 бала алып келинди

Алар мекенине атайын учак менен кайтарылды

Бүгүн, 8-декабрда Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын репатриациялоо боюнча кезектеги «Айкөл-4» гуманитардык миссиясы ишке ашырылды.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, КР президенти жана министрлер кабинети тарабынан коюлган тапшырмаларга ылайык, Кыргызстандын жараны болгон 31 аял киши жана 65 жашы жете элек бала Жакынкы Чыгыштан Кыргызстанга атайын учак менен кайтарылды.

- Кыргыз тарап Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнө атайын операцияны өткөрүүгө ар тараптуу жардам жана бул гуманитардык процессти ийгиликтүү ишке ашыруунун алкагында логистикалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Крест комитетине турмуштук оор кырдаалда калган жарандарды репатриациялоо боюнча төртүнчү ири кампанияны өткөрүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирет, — деп айтылат маалыматта.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх