Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Энеси менен эки баласын мыкаачылык менен өлтүргөн Ашыралиев шаардык сотко даттанды

Ал буга чейин өмүр бою эркинен ажыратылган

Үч адамды өлтүрүп, өмүр бою эркинен ажыратылган Чынтемир Ашыралиев Бишкек шаардык сотуна даттанды. Бул тууралуу аталган соттун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал райондук соттун өкүмүнө нааразы болуп, жактоочусу апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Сот отуруму 20-декабрга белгиленди.

Эске салсак, үрөй учурган кылмыш ушул жылдын февраль айында болгон. Бишкуек шаарындагы өз үйүнөн 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары УКМКнын мурдагы кызматкери 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Кылмыш иши тергелип бүтүп, июнь айында сотко өткөн.

Октябрь райондук соту 3-ноябрда аны күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх