Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Тазалыкчылар” Бишкектеги карды түнү менен тазалашууда

Катуу жааган карга байланыштуу түнкүсүн жолдорго туз чачуу иштери башталды

Борбор калаада аба ырайынын акыркы өзгөрүүлөрүнө байланыштуу "Тазалык" муниципалдык ишканасы түнкү убакта карды тазалоого киришти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, түнкүсүн жолдорго туз чачуу иштери башталды.

Белгилей кетсек, борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоого Бишкек шаарынын Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери көмөк көрсөтүүдө.

Линияда 36 атайын унаа иштөөдө, алардын ичинен МАЗ базасында 27 кар тазалоочу унаа, ЗИЛ-130 базасында 1 кум чачуучу унаа, 2 бирдик фронталдык жүктөгүч, 4 щетка жана күрөк менен Беларусь трактору, 4 "УКМ-2500" универсалдуу коммуналдык унаа. Ишкананын 18 кызматкери тартылып, 382 тонна техникалык туз колдонулган.

Муниципалиттен белгилешкендей кар жолдордон эле алынбайт. Учурда тазалагычтар тротуарларды тазалап, аялдамалардын кириш бөлүктөрүн тазалап жатышат. Карды тазалоого линияга ишкананын бардык кызматкерлери чыкты.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх