Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дагы сууктайт! Синоптиктер чукул билдирүү таратты

Кыргызстанда аба ырайы -35 градуска чейин төмөндөйт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 13-14-декабрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин төмөндөшү күтүлөрүн эскертет.
Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 13-декабрда туруксуз аба-ырайы сакталат. Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарьнда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Ал эми Талас, Баткен облустарында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт.

Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
13-14-декабрда абанын температурасы мындан ары төмөндөшү күтүлөт:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -20...-25 , түндүгүндө -23...-28, күндүз -12...-17 суук;
- Талас өрөөнүндө түнкүсүн -22...-27, күндүз -10...-15 суук;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөнүндөрүндө түнкүсүн -7...-12, күндүз -3...-8 суук;
- Ысык-Көл ойдоңунда түнкүсүн -14...-19, күндүз -4...-9 суук;
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -19., -24, Ат-Башы районунда -23...-28, күндүз -11 -16 суук болот. Тоо этектеринде түнкүсүн -19...-24 , күндүз -13...-18 суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -21 ...-26, күндүз -14...19 суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30...-35, күндүз -15...-20 суук;
- Суусамыр өрөөнүндө түнкүсун -29...-34, күндүз -15...-20 суук болушу күтүлөт.

Мындай суук аба-ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат.
Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алыскы жолго чыгууда жарандарды сак болууну эскертет!

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх