Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык үч спортчу дүйнөнүн эң мыкты балбандары наамы үчүн ат салышууда

UWW талапкерлердин тизмесин жарыялады

2023-жылдын мыкты балбаны наамы үчүн Кыргызстандан үч спортчу ат салышууда. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) билдирди.

Талапкерлердин тизмеси UWW социалдык тармактардагы баракчасында жарыяланды.

Ошентип, кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова жылдын мыкты балбаны наамы үчүн ат салышса, эркектер арасында Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов ат салышууда.

Эске сала кетсек, алардын баары быйыл Белградда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынышкан.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх