Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Лейла Саралаева Турсунбай Бакир уулун сотко берди

Журналист саясатчыдан моралдык зыяндын ордун толтуруу катары 1,5 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылат

Журналист Лейла Саралаева Жогорку Кеңештин экс-депутаты, экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо боюнча сотко кайрылды. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына билдирди.

Анын айтымында, Бакир уулу социалдык тармактарга аны кемсинткен билдирүүсүн жарыялаган.

«Анын Фейсбуктагы эки баракчасында жалпысынан 30 миңден ашуун жазылуучу бар. Бул пост мага чоң моралдык запкыны жана психикалык жактан кыйноо алып келди. Шайлоо жарышында БШКнын жумушчу тобу бул пост үчүн Бакир уулуна 12 500 сом айып салган. Бирок ал өзүнүн комментарийинде мени шылдыңдоосун улантып, мени “чатакчы, көрө албас, адепсиз жана бактысыз аял” деп атады. Буга байланыштуу менин өкүлүм 1 миллион 500 миң сом моралдык зыяндын ордун толтуруу боюнча Ленин райондук сотуна доо арыз менен кайрылды. Биринчи жолугушуу 2024-жылдын 8-январына белгиленген. Ар бир адам өз сөзүнө жооп бериши керек!” – деп жазган Лейла Саралаева.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх