Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 40 жаштагы бейтапка кезектеги бөйрөгүн алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды

Саламаттыкты сактоо министри бейтап менен жолугуп, абалы менен таанышты

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери 40 жаштагы бейтапка кезектеги бөйрөгүн алмаштыруу операциясын ийгиликтүү жасашты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна болгон иш сапарынын алкагында бейтапка жолугуп, бейтаптын абалы менен таанышты.

- Бейтап 7 жылдан бери программалык гемодиализде болгон. Бул пациенттин бөйрөк функциясынын жоголушу мурунку гломерулонефриттин кесепети катары кабыл алынган. Бейтап операцияга чейинки бардык керектүү даярдыктарды өттү. Донор бейтаптын эжеси болду, - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында мындай операциялар 2018-жылдан бери кыргызстандык хирургдар тарабынан ийгиликтүү жасалып келет. Жалпысынан 44 операция, анын ичинде 2023-жылы 8 операция жасалды.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх