Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аялын өлтүргөндүгү үчүн соттолгон жаран Кыргызстандын акыйкатчысына жардам сурап кайрылды

Жамиля Жаманбаева Нарын шаарындагы СИЗОдон кабар алды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Нарын шаарындагы СИЗОго барды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, акыйкатчы камактагылардын шарты менен таанышуу үчүн айрым камераларга кирип чыккан.
Камакка алынгандар камак шарттарына нааразычылыгы жок экенин билдирип, соттук териштирүүдө алардын укуктарын коргоону суранышканы белгиленди.

Джамиля Джаманбаева посетила СИЗО в городе Нарыне

Алсак, Акыйкатчы 2005-жылдан бери бул мекемеде өмүр бою эркинен ажыратылган жарандын камактагы шарттары менен таанышты.
Жаран паспорт алууга жардам берүүнү суранган.
СИЗОнун кызматкерлеринин айтымында, анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок, ошондуктан паспорт алууда кыйынчылыктар жаралууда.
Ал ошондой элеАкыйкатчыга дары-дармекке муктаж экенин айткан.
Акыйкатчы СИЗОнун кызматкерлерин өлкөнүн мыйзамдарына ылайык камакка алынгандардын укуктарынын сакталышын камсыздоого чакырды.
Акыйкатчы, ошондой эле башка бир соттолгон адам менен сүйлөштү. Аялын өлтүргөндүгү үчүн соттолгон жаран, өз укугун коргоп берүүнү суранган.

Анын айтымында, айылдаштары 20 миң акчасын алуу үчүн аны жарадар кылып, андан соң аялын өлтүрүп кетишкен.
- Андан кийин алар мени күнөөлүү кылып коюшту. Милиция кызматкерлери менин көрсөтмөмө кулак салышкан жок. Мен аялымды өлтүрүп, өзүмдү бычактай албайт элем», - деп кейиген ал.
Бул адамдын ишин Акыйкатчы жеке көзөмөлүнө алганы айтылды.

СИЗОдон чыккан Акыйкатчынын мекеменин мурдагы кызматкери Акыйкатчыны күтүп турган болуп чыккан. Ал Акыйкатчыдан үй-бүлөсү менен кандай жашап жатканын көрүүнү суранды.


Маалым болгондой, ал үй-бүлөсү менен СИЗОдон алыс эмес, эски бөлүмдүн имаратында жашайт.
Акыйкатчы ал адам менен кошо үй-бүлөнүн жашаган шартын көрүү үчүн барган.


Жаран Акыйкатчыдан укугун коргоого көмөк көрсөтүүнү суранган.
Анын айтымында, имарат донорлордун эсебинен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүгө тийиш.

«Бизди бул жерден кууп жатышат, барар жерибиз жок. Жаңы имаратта да бизге орун болбойт. Мен бүт өмүрүмдү кызматка арнадым. Бизге бул бөлмөнү көп жылдар бою СИЗОдо иштегендигим үчүн турак жай катары беришкен. Эми мынтип пенсияга чыккандан кийин үй-бүлөм менен көчөдө калганы турам», - деп нааразы болгон түрмөнүн мурдагы кызматкери.
Акыйкатчы анын арызы иликтенерин билдирген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх