Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн Бишкектеги Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат

Саат 19:00дө аянтта өлкөнүн башкы балатысынын отун жандыруу аземи болот

Бүгүн, 15-декабрда Бишкектеги Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат.

Борбор калаанын муниципалитетинин басма сөз кызмат билдиргендей саат 19:00дө өлкөнүн башкы балатысынын отун жандыруу аземи болот. Андыктан саат 18:00дөн баштап иш-чара аяктаганга чейин Чүй проспектисинин бир бөлүгү тосулуп турат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тыгынды болтурбоо үчүн айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алууга чакырат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх