Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы 125 миллион сомго кар тазалоочу техникаларды сатып алат

Калаа башчысы карды тазалоодо кемчиликтер болгонун мойнуна алды

Бишкек мэриясы 125 миллион сомго кар тазалоочу техникаларды сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, борбор калаада бүгүнкү күндө кыш мезгилинде колдонулуучу 39 техника бар.
Калаа башчысы карды тазалоодо кемчиликтер болгонун мойнуна алды.

- Кар жаары менен техника түнкүсүн да иштей баштады. Бирок кар тынымсыз жаап, биз жетише алган жокпуз. Биз кар тазалоочу техникаларды сатып алууга 125 миллион сом бөлдүк. Мэрдин резервдик фондунан техниканы жайында да, кышында да колдонуу үчүн бастырма жабдыктарын сатып алабыз, — деди Айбек Жунушалиев.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх