Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 2023-жылга карата футболдун мыктылары аныкталды

Бишкекте Football Awards 2023 иш-чарасы өттү

Бишкекте өткөн дем алыш күндөрү KFU Football Awards 2023 сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кайрат Жыргалбек уулу менен Кенжебүбү Ырысбек кызы Кыргызстандын эң мыкты футболчулары наамына ээ болушту. Эң мыкты футзалист деп Максат Алимов таанылды.

Ошондой эле, Чыңгыз Мустафаев менен Урмат Баялиев мыкты калыс, Канимет Аралбаев жана Урмат Абдукаимов («Талант» ФК) мыкты тренерлер наамдарына ээ болушкан.

Эң мыкты уюм катары Кыргыз профессионалдык футбол лигасы, ал эми мыкты аймактык уюм деп Ош шаарынын Ассоциациясы табылды.
«Абдыш-Атага» (Кант) мыкты футбол клубу сыйлыгы берилди.
Калыс Рамина Цой жана Вероника Бернацкая кыргыз футболунун сыймыгы деп табылды.
Султан Чомоев мыкты жаш оюнчу, ал эми Кыргызстандын профессионалдык лигасынын мыкты футболчусу Данин Талович («Дордой» клубу) болду.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх