Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы эскертет: Жаңы жылдык салаттарды канализацияга агызууга болбойт!

Калаа бийлиги шаардыктарды канализацияны пайдалануу эрежелерин сактоого чакырды

Бишкек шаардык мэриясы жаңы жыл алдында шаардыктарды канализацияны пайдалануу эрежелерин эске алууну жана таштандыларды чыгарууга жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.
Мекеме көпчүлүк учурда шаардыктар канализацияны ар кандай таштандыларды утилдештирүүнүн универсалдуу каражаты катары колдонушарын белгилешти.

- Көйгөй өзгөчө майрамдык мезгилден кийин, канализация системасына кирген тиричилик жана майрамдык таштандылардын көлөмү көбөйгөндөн кийин актуалдуу,- деп айтылат маалыматта.

Урматтуу шаардыктар! "Бишкексууканал" өндүрүштүк - эксплуатациялык башкармалыгы жаңы жылдык каникул учурунда канализацияны пайдалануу эрежелерин эске алууну жана таштандыларды чыгарууга жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат. Бул саркынды сууларды чыгаруунун тазалыгын жана натыйжалуу иштешин сактоо үчүн маанилүү кадам болуп эсептелерин эскертет.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх