Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жоламан Шаршенбеков беттештерге эски желек менен чыгаарын билдирди

Спортчу мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков Кыргызстандын желегин алмаштырууга каршы экенин билдирди.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мындан ары да эски желектин астында беттештерге чыгаарын айткан

«Мен тууну алмаштырууга каршымын. Аны алмаштырууда эч кандай чыгым келип чыкпайт дешүүдө. Мисалга, менде эски желек бар. А жаңысын алууну пландаган эмесмин», - деди спортчу.

Эске салсак, кечээ, 20-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргызстандын желегин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун бир эле учурда үч окууда жактырышкан.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх