Бишкекте №6 автобустун кыймылы өзгөрдү
Буга чейин каттам Гагарин көчөсүнөн Рухий-Мурас жаңы конушуна чейин каттап келген
Бишкекте №6 автобустун кыймылы өзгөрдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эми автобус Ак-Ордо конушунан Көк-Жар кичи районуна, андан ары Рухий-Мурас жаңы конушун көздөй барат.
Белгилей кетсек, чечим шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында жана Ак-Ордо конушунун тургундарынын бир нече жолу кайрылуусунан улам ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынды.
Буга чейин бул каттам Гагарин көчөсүнөн Рухий-Мурас жаңы конушуна чейин каттап келген.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз