Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте президенттик балаты өтүп жатат

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 1100 бала чакырылган

Бүгүн, 22--декабрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда балдар үчүн жыл сайын өтүүчү салтка айланган жаңы жылдык балаты майрамы өтүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 1100 бала чакырылган, алардын арасында окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматкерлеринин балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана башкалар бар.

Жаңы жылдык театралдаштырылган концерттик программа УТРКнын түз эфиринде жана социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.
Түз алып көрсөтүү саат 10:55те башталат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх