Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

География мугалимдери президент Садыр Жапаровго кайрылышты

Алар көптөгөн география жана тарых мугалимдеринин иштен кетип жатышына алып келген бир катар көйгөйлөрдү белгилешти

География мугалимдери президент Садыр Жапаровго кайрылып, алардын көйгөйлөрүнө көңүл бурууну өтүнүштү.
Мугалимдердин айтымында, айлыгы көтөрүлгөндөн кийин гуманитардык жана табигый илимдер боюнча мугалимдердин айлыгынын ортосундагы айырма 5-8 миң сомго жетип, география жана тарых мугалимдеринин иштен кетишине алып келген.

Мындан тышкары, алар окуучулардын ишин текшерүү үчүн акча төлөнбөй жатканына нааразы.

«Биздин предметти окууда практикалык жана өз алдынча иштерди жүргүзүүгө көп көңүл бурулат. Географияны үйрөнүү учурунда окуучулар контурдук карталар менен иштешет жана география мугалимдери бул иштерди текшерүүгө көп убакыт бөлүшөт. Бирок, абдан өкүнүчтүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү уюмдарынын тарифтик ставкаларын көтөрүү жөнүндөгү токтомунда эмнегедир география мугалимдерине гана контурдук карталарды текшерүү, окуучулардын жазуу жана практикалык иштерине акы төлөө боюнча берене жок. "деп айтылат кайрылууда.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх