Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин чекесинде жайгашкан"Кашкулак" тоо лыжа базасы расмий ачылды

“Кашкулак” тоо лыжа базасынын лыжа трассына чыгуу үчүн узундугу 950 метрлик асма жолу бар

 

Кашка-Суу аймагындагы "Кашкулак" тоо лыжа базасы расмий ачылды. Бул тууралуу Туризм департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев, Туризм департаментинин башкы адиси Д. Дайырбеков, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун вице-президенти Б. Дыйканбаев жана жергиликтүү тургундар катышты.
“Кашкулак” тоо лыжа базасынын лыжа трассына чыгуу үчүн узундугу 950 метрлик асма жолу бар.

Белгилей кетсек, эс алуучулардын карамагында эки лыжа аянтчасы бар: биринчисинин батыш тарабында, узундугу 1600 метр, экинчиси чыгыш тарабында, узундугу 1550 метр. Саатына 2 миң кишиге чейин тейлөө мүмкүнчүлүгү базанын жогорку өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алат. Түнкү жарык жана кар генераторлорунун жардамы менен күнү-түнү лыжа тебүү мүмкүнчүлүгү да бар.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх