Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Манчестер Юнайтеддин" мурдагы жарым коргоочусу Канчельскис Кыргызстандын футболдук клубун жетектейт

Жакынкы аралыкта келишимге кол коюу пландалганы маалым

"Манчестер Юнайтеддин" жана Орусиянын футбол боюнча курама командасынын мурдагы жарым коргоочусу Андрей Канчельскис жакында "Мурас Юнайтед" менен келишим түзүп, кыргыз клубунун башкы машыктыруучусу болорун Sport24 сайты жазып чыкты.

Басылманын маалыматына ылайык, келишимге бир жылга кол коюу пландалууда. Канчельскис милдеттенмесин аткарса, келишим дагы бир жылга узартылат.
Өткөн сезондо клуб Кыргызстандын чемпионатында бешинчи орунду ээлеген.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх