Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун биринчи туру башталды

Билим берүү жана илим министрлигинен маалымат

Кыргызстанда 2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун биринчи туруна каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, абитуриенттерди биринчи турга каттоо төмөнкүдөй графикте жүргүзүлөт:
 

25-27-декабрь – талапкерлерди каттоо;
 27-декабрь саат 14:00 – каттоону аяктоо;
 28-декабрь саат 9:00гө чейин – кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмесин жайгаштыруу;
 28-30-декабрь саат 16.00гө чейин – ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу.

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу графиги тууралуу толугу менен министрликтин сайтынан таанышууга болот.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх