Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаңы жыл түнү жарыксыз калууну каалабасаңыз, электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү төлөп коюңуздар

Бишкекте 5 миңден ашык абонент жаңы жылды шам менен тосуп калышы мүмкүн

Эртең, 26-декабрда Бишкек шаарында 5400дөн ашык абоненттин дебитордук карызы үчүн электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасы эскертти.

Мекеме жаңы жыл күнү электр жарыгысыз калбоо үчүн жарандарды электр энергиясына болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат.
Компаниянын веб-сайтында «Абоненттик баланс» бөлүмү бар, ал аркылуу бардык абоненттер, анын ичинде турак-жай жана өнөр жай абоненттери каалаган убакта өздөрүнүн жеке эсебинин абалын көрө алышат.

Кошумчалай кетсек, турак-жай абоненттери өз балансын “Менин жарыгым” мобилдик тиркемеси аркылуу, аны Play Market жана AppStore аркылуу орнотуп биле алышат. Ошондой эле абоненттер 1209, 105, 0772/0702/0556 00 12 09 номурлары боюнча күнү-түнү иштеген колл-борборго кайрылса болот же 0556 001209 WhatsApp номерине билдирүү жазса болот.

Маалым болгондой, абоненттер электр энергиясына болгон төлөмдөрдү «Quickpay», «Pay24», «UMAI», «KICB», «MSTS (Kassa-24)», Megacom, О!, «Оной» төлөм терминалдары, анын ичинде электрондук капчыктар аркылуу төлөй алышат. О!, MegaPay, «UMAI», «Элсом», «РСК Банк», «Керемет Банк», «Дос Кредо Банк», «Бакай Банк», «Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН», «Халык Банк» кассаларында, « КИСВ Банк, «Оптима Банк», ошондой эле «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү реалдуу убакыт режиминде кабыл алат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх