Бишкекте коомдук транспорттун жол киреси кымбаттайт
БШКнын депутаттары тарифтерди көтөрүүнү жактырышты
Бишкекте коомдук транспорттун жол киреси кымбаттайт. Бишкек шаардык кеңеши тарифтерди көтөрүү боюнча токтомду бир добуштан жактырды.
Маалыматка ылайык, накталай эмес төлөмдөр үчүн жол кире 17 сомду, накталай акча менен 20 сомду түзөт. Ал эми мамлекеттик мобилдик оператордун тиркемеси аркылуу төлөөдө – 11 сом.
Жаңы тарифтер токтом расмий жарыялангандан 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз