Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Жыргалаң” санаториясынын куруучуларына 5 айдан бери айлык бериле элек - видео

2023-жылы санаторий президенттик администрациянын балансына өткөн

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда «Жыргалаң» санаториясы капиталдык реконструкциядан кийин ачылып, 10-сентябрда ден соолукту чыңдоочу жайга президент Садыр Жапаров барганы маалым.

2023-жылы санаторий Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын балансына өткөрүлүп, реконструкциялоо иштери башталып, ага президенттик аппараттын маалыматы боюнча 150 миллион сом сарпталган.
Бүгүн социалдык тармактарда санаторийди реконструкциялоо менен алектенген жумушчулар дээрлик 5 айдан бери маяналарын ала албай жатканын айткан видео пайда болду. Алардын айтымында, карыздын жалпы суммасы 5 миллион сомго жакын.

Куруучулар жардам сурап президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх