Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте мэрдин жаңы жылдык балатысы өттү

Балдарга "Щелкунчик" музыкалык жомогу көрсөтүлдү

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда калаа мэринин жаңы жылдык балатысы болуп өттү. Бул тууралуу мунифипалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышып, ал бөбөктөрдү келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.

Балдарга ошондой эле "Щелкунчик" музыкалык жомогу көрсөтүлдү.

Иш-чарага 1100 бала, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, жетим, жарым жетим, турмуштук оор кырдаалда калган балдар, ден соолугуна байланыштуу үйдө окуган балдар, мектеп отличниктери, активисттер жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары катышты.

Концерттин аягында бардык балдарга жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх