Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Джумабеков: Жаны жылыбыз ырыс-ынтымактын, береке-куттун, молчулуктун, ийгиликтердин жылы болсун!

Депутат кирип келе жаткан Жаны жыл менен жалпы кыргызстандыктарды куттуктады

Жогорку Кенештин депутаты Дастанбек Джумабеков кирип келе жаткан Жаны жыл менен жалпы кыргызстандыктарды куттуктады.

«Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Урматтуу мекендештер!

Жалпыңыздарды кирип келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!

Баарыбызды азыр келе жаткан жакшы өзгөрүүлөргө үмүттөр бириктирип турат. Ошол үмүттөр аткарылып, Жаны жылыбыз ырыс-ынтымактын, береке-куттун, молчулуктун, ийгиликтердин жылы болсун! Баарыңыздарга бардар турмуш, бакуубат жашоо каалайм.

Үйүнүздөрдүн оту өчпөй, бөлмөнүздөрдөн бактылуулуктун үндөрү ар дайым жаңырып турсун!

Урматтуу Кыргызстандыктар!!

Жаңы жылда өлкөбүздө тынчтык, бейкутчулук орун алып, өтүп бара жаткан эски жылда жетпеген бийиктиктерди, Кыргызстаныбыз кирип келген жаңы жылда багындырсын.

Ар бирибиздин Жүрөгүбүздө мекенге болгон сүйүү алоолоп, мамлекетибиздин жаркын келечегин сиздер менен биргеликте куралык!

Дагы бир жолу ЖАНЫ ЖЫЛЫНЫЗДАР МЕНЕН!»

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх