Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Султанбай Айжигитов тележурналистерди кесиптик майрамы менен куттуктады

«Калемиңер курч, жазганыңар жалпы элге жарамдуу болсун!»

Жогорку Кенештин депутаты Султанбай Айжигитов тележурналистерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Урматтуу телекөрсөтүү жана радио тармагынын адистери!

Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Азыркы ыкчам дүйнөдө жашоо-турмушубузду маалыматсыз элестетүү кыйын.

Андыктан сиздерге жарандарды бейтарап жана калыс маалымат менен камсыздоо жоопкерчилиги жүктөлгөн. Айрыкча, журналисттер эл менен бийликтин ортосундагы байланышты түзүп, коомдук пикирди жаратат.

Буга байланыштуу агылган маалыматтардын ичинен чындыкты иргеп, аны коомчулукка так жеткирүү, ачык коомдун калыптануусуна жана жаңылануусуна салым кошуу сиздердин калемиңиздерге көз каранды!

Бар болуңуздар, чындык үчүн талыкпай эмгектенип, элдин эртеңи үчүн кызмат кыла бериңиздер! Калемиңер курч, жазганыңар жалпы элге жарамдуу болсун! Калкыбызда ынтымак, жергебизде тынчтык өкүм сүрсүн!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин депутаты Султанбай Айжигитов

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх