Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз киносунун ардагери Муса Абдиев каза болду

Маркум менен коштошуу зыйнаты 9-январда болот

Кыргыз киносунун ардагери, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Муса Абдиев кечээ, 7-январда каза болду. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунун сайтында кабарланды.
Маалыматка ылайык, маркум менен коштошуу зыйнаты 9-январда болот.

open.kg
Муса Абдиев 1934-жылы 23-февралда төрөлгөн. «Кыргызфильм» киностудиясында 1959-жылдан бери иштеп келген. Костюм боюнча сүрөтчү, ассистент жана коюучу-декоратор, сүрөтчү-коюучу болгон.
Андрей Кончаловскийдин «Биринчи мугалим», Төлөмүш Океевдин «Ак илбирстин тукуму», ошондой эле Геннадий Базаровдун бир нече тасмаларын тартууга катышкан. «Чыңгыз хан» (АКШ/Италия), «Жамбыл» (Казакстан) жана башка тасмалардын сүрөтчү-коюучусу болгон.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх