Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сүлүктүдө уранды алдында калган эки кен казуучу аман калды (видео)

Жерине ыкчам түрдө 18 куткаруучу тартылган

Сүлүктү шаарында уранды алдында калган эки кен казуучу куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. Мекеме ошондой эле окуянын видеосун жарыялады.

Маалыматка караганда, 7-январда Сүлүктү шаарындагы "Южный 3" шахтасында эки кен казуучу уранды алдында калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

- Жерине ыкчам түрдө 18 куткаруучу тартылып, алар 48 жана 32 жаштагы эки адамды 140 метрлик тереңдиктеги шахтадан аман-эсен чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен, — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ ушул эле шахтадан 2022-жылдын май айында газга ууланган төрт кен казуучу куткарылганын кошумчалады.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх