Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарды COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бардык өлкөлөрдө беткап тагынууга жана COVID-19га каршы эмдөө алууга чакырууда

Бүгүн, 2024-жылдын 8-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кайрадан COVID-19га каршы эмдөө алды. Министр ДССУнун алдын ала квалификациясынан өткөн «Синовак» вакцинасын алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстанда COVID-19 боюнча абал туруктуу, бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бардык өлкөлөрдө беткап тагынууга жана COVID-19га каршы эмдөө алууга чакырат. Мен да бүгүн эмдөө алдым жана бардык кыргызстандыктарды эмдөө алууга чакырам. Биз бардыгыбыз вакцина менен алдын ала турган оорулар менен, анын ичинде COVID-19 менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмаларынын бири эмдөө экенин түшүнүшүбүз керек. Эмдөө оорулардан коргой алат жана вирусту жуктуруп алуу коркунучун бир топ азайтат”, - деп белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ДССУ тарабынан алдын ала квалификацияланган жарактуулук мөөнөтү 2024-жылдын июнь айына чейин болгон 150 000 доза көлөмүндө “Синовак” вакцинасы бар. 2024-жылдын биринчи кварталындаPfizer вакцинасынын20 000 дозасынын келиши күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, республикада COVID-19 илдетине жумалык мониторинг улантылууда. Ага ылайык, жумасына 2ден 6га чейин учур катталып, эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланууда. Курч респиратордук оорулар менен ооруканага жаткырылган бейтаптардын ичинен көрсөткүчтөр боюнча COVID-19га анализдер тандалып алынат, лабораториялык жыйынтыктар боюнча 1 жуманын ичинде 1 тастыкталган учур катталган (Ош ш.).
Ошондой эле, COVID-19га шектелген учурда ПЦР изилдөөгө анализ алынат. Учурда баардык облустук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык көзөмөл борборлорунда ПЦР лабораториялары иштеп, тесттик системалар менен камсыздалган.

Маалымат үчүн:
2021-жылдын мартынан 2023-жылдын декабрына чейинки мезгил аралыгындажалпысынан 6 889 780 доза вакцина келип түштү жана сатылып алынды, анын ичинен:
1 548 780 доза - COVAX механизми боюнча;
2 780 200 доза – гуманитардык жардам;
Республикалык бюджеттин эсебинен «Синофарм» өндүрүшүнө таандык 2 560 800 доза вакцина сатылып алынган, алар өзгөчө кырдаалдарда колдонуу үчүн ДССУнун өзгөчө тизмесине киргизилген. Бул дозалар 2021-2022-жылдары колдонулган, эмделген адамдар жөнүндө маалыматтар коронавируска каршы эмдөөлөрдүн электрондук реестрине киргизилген. Бул системага 3,2 миллиондон ашык маалымат киргизилип, 1,5 миллиондон ашык сертификат түзүлгөн.
Эмдөө боюнча маалыматтар:
- Биринчи дозасы менен эмделгендердин саны 1 700 833 адамды (76%) түзөт;
- экинчи дозасы менен эмделгендердин саны 1 516 904 адамды (63%) түзөт;
- Үчүнчү доза менен эмделгендердин саны 430 329 адам.
- Жалпы колдонулган – 4 700 439 доза вакцина.
Бул дозалар калкты кошумча жана кайталап эмдөө үчүн колдонулат. Бүгүнкү күндө республикадагы бардык эмдөө пункттарында коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө иштери жүргүзүлүүдө. Жарактуулук мөөнөтү 2024-жылдын июнь айына чейин болгон 150 000 доза өлчөмүндө ДССУ тарабынан алдын ала квалификацияланган “Синовак” вакцинасы бар. 2024-жылдын биринчи кварталында Pfizer вакцинасынын20,000 дозасы келет деп күтүлүүдө.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх