Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жаңы перинаталдык борбор жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет

Жакынкы аралыкта борбордун расмий ачылышы пландалууда

Бүгүн, 8-январда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы Перинаталдык борборунун ачылышына карата даярдык иштери менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун перинаталдык борборунун курулушу аяктап калды.

Учурда медициналык жабдууларды орнотуу, ошондой эле борбордун айлана-тегерегин көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Жакынкы аралыкта жаңы Перинаталдык борбордун расмий ачылышы пландалууда.
Эскерте кетсек, Перинаталдык борбордун имаратынын курулушу Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) гранттык каражаттарынын эсебинен каржыланууда. Перинаталдык борбор 203 орунга ылайыкташып, эл аралык стандарттарды эске алуу менен курулган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх