Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарынын мэриясы Райымбек Матраимовдун үйүнүн тосмосун түрттүрүүдө

Жергиликтүү бийлик декабрдын аягында тосмо тууралуу эскертүү берген болчу

Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы Бажы кызматынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун үйүнүн тосмосун бузуп жатканын ММКлар жазып чыгышты.

Аталган башкармалыктын жетекчисинин орун басары Максатбек Орозалиевдин айтымында, Супаналиев көчөсүндө жайгашкан Матраимовдун үйүнүн тогуз метр короосу муниципалдык менчикте.


Буга чейин эркин журналист Ыдырыс Исаков Матраимовдун короосунун бир бөлүгү муниципалдык аянтты ээлеп турганын билдирген. 2023-жылдын декабрынын аягында жергиликтүү бийлик тосмону бузуу боюнча эскертүү берген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх