Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Тазалык» жана «Бишкекжашылчарба» ишканалары үчүн жаңы техника алынды

Сатып алуу үчүн каражат Бишкек мэринин резервдик фондунан бөлүнгөн

«Тазалык» жана «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканалары үчүн жаңы атайын техника сатып алынды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Тазалык» ишканасы үчүн борбор калаанын көчөлөрүндө карды тазалоо үчүн техника сатылып алынды. Сатып алуу үчүн каражат Бишкек мэринин резервдик фондунан бөлүнгөн. Биринчи партия борборго алынып келип, ишке киришти.

Мындан тышкары, «Бишкекжашылчарба» ишканасына самосвал, экскаватор, ошондой эле 18 метрлик жана 22 метрлик эки автомунара сатып алынган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх