Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түштүк Кореянын парламенти иттин этин жегенге расмий түрдө тыюу салды

Мыйзам долбоору иттерди союу үчүн багууга толугу менен тыюу салат

Түштүк Кореянын парламенти иттин этин колдонууга тыюу салган мыйзамды жактырды. Бул тууралуу Yonhap билдирди.
Документ иттерди тамак-аш үчүн багууга, ошондой эле иттин этин таратууга жана сатууга толугу менен тыюу салат.

Мыйзам долбооруна ылайык, иттерди эт үчүн баккандар эки жылга чейин эркинен ажыратылат же 20 миллион вонго (15 миң доллар) чейин айыппул салынышы мүмкүн.

Белгиленгендей, эт үчүн ит баккан түштүк кореялык фермерлер бул мыйзамга каршы чыгышкан.
Мыйзам долбоору министрлер кабинети тарабынан жактырылып, Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх