Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Фото: «Хан Теңир» жаратылыш паркындагы ак илбирстер

Паркка орнотулган камера капкандары тартып алган уникалдуу сүрөттөр

Ысык-Көлдөгү Хан-Теңир мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагындагы ак илбирсти камера капкандарына тартып алган. Сүрөттөр социалдык тармактардагы парктын баракчасына жарыяланды.

Буга чейин Ысык-Көлдөгү «Хан-Теңир» мамлекеттик жаратылыш паркындагы камераларга кызыл китепке кирген грифтер дагы түшүп калган.

Хан-Теңир мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы Ысык-Көл облусунун чыгыш бөлүгүндө, Күнгөй жана Тескей Ала-Тоо кыркаларынын кошулган жеринде, Сары-Жаз дарыясынын жээгинде жайгашкан. Ал флора менен фаунанын сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөрүн коргоо, биринчи кезекте ак илбирстин популяциясын сактоо максатында түзүлгөн.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх