Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстандыктар өтө сейрек кездешүүчү жаратылыш кубулушуна күбө болушту - видео

10-январга караган түнү Уралдын үстүндө жарык мамылар пайда болгон

Урал шаарынын тургундары сейрек кездешүүчү жаратылыш кубулушун – жарык мамыларды көрө алышты.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматы боюнча, тургундар 10-январга караган түнү укмуштуудай кооз көрүнүшкө күбө боло алышкан. Бүткүл шаар ири прожекторлор менен жарыктандырылып тургансыган.

Жарык булактарынан чыккан жарык мамычалары атмосферада жогорку деңгээлде болуп жаткан процесстер менен түшүндүрүлөт. Оптикалык эффект нурлар абада калкып жүргөн муз кристаллдарынан чагылышында пайда болот. Фонарлардан, прожекторлордон же жаркыраган асман телолорунан чыккан жарык кичинекей муз призмаларынын четтеринен чагылат. Жарык булагы канчалык төмөн болсо, мамы ошончолук бийик болот.

Белгилей кетсек, бул сейрек кездешүүчү көрүнүштү Рождество түнүндө Санкт-Петербургдун түндүк бөлүгүнүн тургундары да байкашкан.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх